Вильнюс университетиндеги экинчи күн

Erasmus+ программасынын «Жашыл жана санариптик университет» долбоорунун алкагында келген Кыргыз Республикасынын делегациясы Вильнюс университетинин канцлери Раймундас Бальчюнайтис менен жолугушту. Жолугушууда университеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору жана долбоордун мындан аркы өнүгүү перспективалары талкууланды.
Экологиялык туруктуулук жана санариптик технологияларды окуу процессине киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Раймундас Бальчюнайтис жалпы максаттарга жетүү үчүн тажрыйба жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Бул талкуулар натыйжалуу жыйынтыктарга алып келип, өнөктөштүк мамилелерибизди бекемдейт жана университеттерибизде билим берүүнү модернизациялоого жана анын сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошот деп ишенебиз.




