ОшМУда окуу процессинин санариптештирилиши

ОшМУда окуу процессинин санариптештирилиши

Эразмус+ программасынын «Green and Digital Universities for Sustainable Development in Kyrgyzstan» (Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүгө карата жашыл жана санарип университеттер) долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университетинде ZOOM платформасы аркылуу виртуалдык жыйын уюштурулду. Ага Кыргыз Республикасындагы долбоордун консорциумуна кирген окуу жайлардын (К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ысык-Көл, Нарын, Баткен мамлекеттик университеттери ж.б.) 22 кызматкери катышты.

Отурумда ОшМУнун санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректору, доцент У.Д. Молдояров «Окуу процессин санариптештирүү, ОшМУнун мисалында» аттуу темада презентация жасады. Өз сөзүндө ал жогорку окуу жайларынын санариптештирилиши студенттердин, окутуучулардын жана администрациянын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатып, билим берүү сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бере тургандыгын белгиледи.

Жыйын суроо-жооптор менен коштолуп, аны долбоордун ОшМУдагы координатору А.О. Абдувалиев алып барды.

Сүрөттөр

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар