КР ТИМдин Дипломатиялык академиясында Erasmus+ улуттук долбоорунун өнөктөштөрү менен тааныштыруу жолугушуусу өттү

11–12-январда КР ТИМдин Дипломатиялык академиясында Erasmus+ GREENKG улуттук долбоорунун өнөктөш-катышуучулары менен тааныштыруу жолугушуусу болуп өттү. Ага КР Тышкы иштер министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Европа Биримдигинин өкүлдөрү, Erasmus+ жана GREENKG долбоорлорунун консорциумунун координаторлору, өнөктөш ЖОЖдордун ректорлору жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Консорциумдун мүчөлөрү жетекчи комитетти жана долбоорду башкаруу кеңешин түзүп, долбоордун максаттарын жана милдеттерин карап чыгышты. Коммуникация, жыйынтыктарды жайылтуу жана сапатты камсыз кылуу маселелери талкууланып, долбоордун иш пакеттери пландаштырылып, макулдашылды.
Кыргызстанда жашыл жана санариптик университеттин моделин өнүктүргөн GREEN KG долбоору жашыл экономикага карай глобалдык кыймылдын, климаттык жана демографиялык өзгөрүүлөрдүн шартында санариптештирүү жана университеттердин социалдык жоопкерчилигин түшүнүү аркылуу ЖОЖдордун инновациялык потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.


